• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда 1 миң 96 кишиге экспресс-тест жасалган

Ден соолук 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 1 миң 96 кишиге экспресс-тест жасалган. Бул тууралуу "Жалал-Абад ТВ" каналынын түз эфиринде Жалал-Абад облустук медициналык штабдын башчысынын орун басары Урмат Боржуев билдирди.

"Жалал-Абад облусуна 5 миң экспресс-тест келген. 1 миң 96 кишиден экспресс-тест алганбыз. Анын ичинен 5 кишиден оору аныкталган. 2 кишиде тесттин жыйынтыгы күмөндүү чыккан. Ал эми калгандарыныкы оруу жок деп чыккан", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 144кө жетти. Алардын ичинен 9 адам коронавирустан айыкты. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий