• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда 111 адам коронавируска чалдыкса, анын ичинен 85 бейтап айыккан

Аймак 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 111 адам коронавируска чалдыкса, анын ичинен 85 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Жалал-Абад облустук медициналык штабдын башчысынын орун басары Урматбек Боржуев билдирди.

"Жалпы 111 учурдун ичинен 85 жаран айыгып, үй көзөмөлүндө турушат. Калган 26 жараныбыз жугуштуу оорулар бейтапканасында дарыланууда. 119 адам обсервацияда жатат. Анын ичинен 51и медицина кызматкерлери. Алардын биринчи анализдери баарыныкы таза чыккан. Экинчи анализди өзүнүн убактысы келгенде алабыз. Эгер ал анализдер таза болсо, алар үйлөрүнө чыгарылат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 27-апрелге карата коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 695ти түзөт. Алардын ичинен 395 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий