• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда 1190 турак жай, социалдык объектилер корголду

Аймак 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 1190 турак жай, социалдык объектилер корголду. Бул тууралуу КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров маалымдады.

“КР ӨКМдин 2020-жылдагы “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-мерчемине ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагынан 76 обьектте жумуш аткаруу мерчемделип, кошумча 1 обьект кирип жалпы 77 обьектини түздү. Бүгүнкү күндө жалпы 50 обьектиде жумуш жүргүзүлүп, 45 обьектиде жумуш толук аяктады, 1 обьектиде жер иштери аяктап габион орнотуу иштери улантылууда, 4 обьектиде жумуш жүрүүдө. Жалпы 13 обьектиге 1890 габион торчолору, 14 обьектиге керектелүүчү 143579 кг цемент, 17607 кг арматура жер-жерлерине жеткирилди”, -деди ал.

Натыйжада 74 996 м3 көлөмдө жумуш аткарылып, узуну 17710 погондук метрди түзүп, 1190 турак жай, 2 мектеп, 2 бала бакча, 2 ФАП, 2 мечит, 1 устакана, 1 насостук станция, 790 метр автоунаа жол, 1 суу түтүкчө, 762 га айыл чарба жери корголуп, 97 кожолукка шарт түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий