• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад облусунда 12,5 тонна жапайы кара куурай жок кылынды

Аймак 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 12,5 тонна жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 6-июлунан 12-июлуна чейинки аралыкта Жалал-Абад облусунун аймагында “МАК-2020” операциясынын алкагында өткөрүлгөн «Кара-Куурай» аталышындагы атайын ыкчам-иликтөө жана профилактикалык иш-чараларынын натыйжасында баңгизаттар менен байланышкан 4 кылмыш аныкталган.

Ошондой эле КР ИИМинин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ШРИИБдер жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте жер-жерлерде баӊгизатын камтыган жапайы өсүмдүктөрү өскөн аймактарды аныктоо жана аларды жок кылуу максатында 105 атуулдан турган 8 жумушчу топ түзүлүп, 3,57 га жер аянтында өскөн, жалпы салмагы болжол менен 12,5 тонна жапайы кара куурай өсүмдүгү жок кылынган.

Учурда Жалал-Абад облусунун аймагында баӊгизаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүүсүнө каршы күрөшүү жана баңгичиликтин алдын алуу максатында ыкчам-иликтөө жана профилактикалык иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий