• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад облусунда 131 дарыгер обсервацияда жатат – Боржуев

COVID - 19 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 131 дарыгер обсервацияда жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук медициналык штабдын башчысынын орун басары Урмат Боржуев билдирди.

"Жалал-Абад облусунда 4 миң 800 жаран үй карантининде, обсервацияда 150 киши жатат. Алардын ичинен 131и медицина кызматкерлери. Алар жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө иштеп, обсервацияга жаткырылган. Учурда алар анализдерин күтүп жатышат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 18-апрелге карата коронавирус жуктурган 17 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 506га жетет. Алардын ичинен 130 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий