• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда 177 күндүзгү стационар даярдалган

Аймак 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 177 күндүзгү стационар даярдалган. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков билдирди.

Ал белгилегендей, күндүзгү стационарлар спорт залдарда, ФАПтарда ж.б. жерлерде ачылган.

"Аларда жалпы 2 миң 526 орун даярдалган. Бүгүнкү күнү аларга 40 миң 398 кайрылуу болгон. Күндүзгү стационарларда 1 жасалма дем алдыруу аппарат, 114 кычкылтек концентратору бар. Андан тышкары ал стационарларда көчмө дарыканалар ачылган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий