• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда 22 миңден ашуун окуучу биринчи класска барды

Аймак 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда жалпы 22 миң 279 окуучу биринчи класска барды, - деп кабарлайт өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-сентябрь күнү областтын бардык район-шаарларындагы 474 мектеп 1-класстын окуучулары үчүн эшигин ачты.

Жылдагыдан өзгөчөлөнгөн окуу шартында балдардын ден соолугуна кам көрүү, коюлган санитардык алгоритмге ылайык көзөмөлгө алынат. Класстарда окуучулардын саны кыскартылып, түзүлгөн график боюнча окутулат.

Биринчи класстардын окуучулары өз убагында мектепте билим алуусу алардын окуу көндүмдөрүн калыптандырууга шарт түзөт. Ал эми 2-класстан 11-класска чейинки окуучулар аралыктан билим алууну улантат.

Пикир

Оставить комментарий