• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда 23 жаңы бала бакча курулууда

Аймак 0

Бишкек, 18.08.20 /Кабар/. Быйыл Жалал-Абад облусунда 23 жаңы бала бакчаны бүткөрүү аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда район-шаарларда курулуш иши жүрүп жаткан мектепке чейинки билим берүүчү мекемелер республикалык, жергиликтүү бюджеттен, облустук жана райондук фонд эсебинен каржыланууда.

Анда жалпы 1445 орун пайда болот. Бир бала бакча толугу менен бүткөрүлүп пайдаланууга берилсе, 7синде каржылоого байланыштуу курулуш иши убактылуу токтоп турат. Ал эми 8 объектте жумуш тынымсыз уланып, 6 бала бакчанын имараты бүтүп, штаттык бирлик жана ички жабдыктар менен камсыздоо алдында.

Облуста жетишсиздиги боюнча салыштырмалуу Аксы району төмөнкү көрсөткүчтө болгондуктан, бул жылы кошумча 3 бала бакча курулуп жатат. Аймактардан Ноокен району калкты мектепке чейинки билим берүүчү мекемелерге болгон муктаждыктарын камсыздоодо 42 пайызды ээлеп, алдыңкы орунда.

Пикир

Оставить комментарий