• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда 30 миңден ашуун окуучу мектепти аяктады

Аймак 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-июнда Жалал-Абад облусунун аймактарындагы 465 мектепте акыркы коңгуроо салтанаты өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, быйыл облуста 9-классты 19 миң 581, ал эми 11-классты 11 миң 242 окуучу аяктады.

Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев Сузак районунун Сузак айыл аймагындагы “Манас” атындагы №90 орто мектебине барып, мугалимдерди, окуучуларды акыркы коңгуроо салтанаты менен куттуктады.

Өкүлдүн орун басары окуу жылынын ийгиликтүү аякташы жана мектеп жамаатынын жетишкендиктерин белгиледи. Бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, билим алуудан талбай, мыкты кесип ээлери болуусун каалады.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги жана ата-энелер катышты.

Пикир

Оставить комментарий