• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда 30 миңден ашык бөтөлкө мыйзамсыз алкоголь тартып алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад облусундагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сактоо, тийиштүү лицензиясыз жана уруксат берүүчү документтери жок сатуу фактыларын аныкташты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, бардыгы болуп мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4 млн сомдон ашык суммада ар кандай аталыштагы жана идиштеги 30 миң 168 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды.

Тактап айтканда, эки дүкөндөн күмөндүү акциздик маркалар менен 7 миң 300 бөтөлкө алкоголь тартып алынды. Мындан тышкары, лицензиясыз жана уруксат берүүчү документтерсиз сатып жаткан ири кампалар аныкталды, ал жерден 22 миң 868 бөтөлкө продукция тартып алынды.

Ишкердик субъекттерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий