• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда 449 шайлоо тилкеси даярдалган

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагындагы №2395 шайлоо тилкесинде добуш берди. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, облус башчысы добуш берүү өлкө башчысынын жана мамлекеттик башкаруу багытын тандоодогу маанилүү окуя экенин айтып, жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырды.

Аны менен бирге айрым шайлоо тилкелеринде орун алып жаткан мүчүлүштүктөргө, тийиштүү адистер жеринде барып жөнгө салып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 449 шайлоо тилкеси даярдалды. Шайлоочулардын жалпы саны 666 миң 556ны түзөт.

Эскерте кетсек, бүгүн саат 08:00дө Кыргызстандагы бардык шайлоо тилкелери ачылып, президентти шайлоо жана референдумга добуш берүү башталды.

Пикир

Оставить комментарий