• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жалал-Абад облусунда 5 жергиликтүү чиновник аттестациядан өтпөй калды

Коом 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациялоо жыйынтыкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, республикалык аттестациялык комиссия ишти 18-мартта жыйынтыктады.

18 кандидаттын экөөсү аттестациянын биринчи баскычы болгон комьютердин тестирлөөдө 50 пайыздан аз босого алгандыгына байланыштуу кийинки этапка - маектешүүгө кирбей калышты.

Аттестациянын жыйынтыктоочу баскычы болгон маектешүүнүн натыйжасында комиссия чечим кабыл алды:

  • 3 адам өз кызматына ылайык келет жана жогорулоого мүмкүнчүлүгү бар;
  • 10 адам ээлеген кызматына ылайык келет;
  • 5 адам ээлеген кызматына ылайык эмес.

Аттестациялык комиссия тарабынан жүргүзүлгөн аттестациянын жыйынтыгы боюнча өкмөткө сунуш киргизилет.

Кийинки аттестациялоо башка облустарда бекитилген графикке ылайык жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий