• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда 500гө жакын мектеп жаңы окуу жылына карата оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда жалпы 474 мектеп жаңы окуу жылына карата оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ага республикалык бюджеттен 19 миллион 194 миң 700 сом акча каражаты каралып, тендердик наркы 17 миллион 232 миң 300 сомдук жумуштар жасалган. Капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж болгон 91 мектептин имараты да оңдоодон өткөрүлгөн.

Ноокен районунда жергиликтүү бюджет жана райондун өнүктүрүү фондунун эсебинен 1 мектептин курулушу жүрүп, үчөөндө капиталдык ремонт жасалууда. Аймактардан Аксыда — 2, Сузак — 1, Базар-Коргон — 1, Токтогул — 3, Тогуз-Торо — 1, Чаткал — 1 жана Ала-Бука районунда — 1, жалпы 10 жаңы мектептин курулушу улантылууда.

"Буга чейин жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, облуста 2020-2021-жаңы окуу жылына карата түрдүү предметтер боюнча 329 педагогикалык кадр жетишсиздиги аныкталган. Бул маселени жөнгө салуу максатында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 339 бүтүрүүчүсүн аталган жайларга жумушка тартуу иштери жүрүп жатат", - деп кошумчалашты өкүлчүлүктөн.

Белгилей кетсек, жаңы окуу жылында биринчи чейрек аралыктан окутуу процессинде улантылып, 1-класстар гана санитардык талаптарды сактоо менен иштелип чыккан алгоритмге ылайык мектептерде билим алышат.

Пикир

Оставить комментарий