• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда 55 жасалма дем алдыруучу аппарат жана 841 кычкылтек концентратору бар

Аймак 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 55 жасалма дем алдыруучу аппарат жана 841 кычкылтек концентратору бар. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

"Буга чейин 242 кычкылтек концентратору болгон. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынып, ишкерлер, демөөрчүлөр, өкмөт тарабынан берилип учурда облуста 841 кычкылтек концентратору бар. Учурда кычкылтек концентраторлору жетиштүү десе болот. Ошондой эле 55 жасалма дем алдыруучу аппарат бар. Ал дагы бүгүнкү күнү жетиштүү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий