• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад облусунда 58 миң 859 гектар жерде айдоо иштери жүргүзүлдү – Мирзахмедов

Аймак 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 58 миң 859 гектар жерде айдоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

"Былтыр күздүк айдоо 11 миң гектар жерге эгилген, ал мурдагы жылга салыштырмалуу 1 миң 627 гектарга аз болду. Жаздык айдоо тууралуу айтсак, бүгүнкү күнү 58 миң 859 гектар жер айдалды. Ал былтыркыга салыштырмалуу 5 миң 976 гектарга көбүрөөк болду. Ошол эле учурда дыйкандар жаздык буудайды 7 миң 17 гектар жерге айдаганга жетишти. Былтыр 3 миң 394 гектар жерге буудай эгилген. Быйыл ал 3 миң 628 гектарга көп болууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий