• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жалал-Абад облусунда 600гө жакын кычкылтек концентратору бар

Аймак 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад блусунун аймагында жалпы 596 кычкылтек концентратору бар. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облуста үстүбүздөгү жылдын март айында 260 даана кычкылтек концентратору бар болчу.

"Тургундардын өмүрүн сактоодо камсыздалган бул зарыл каражаттарды сатып алууга демөөрчүлөрдүн жана абалга кайдыгер карабаган жеке ишкерлердин салымы чоң болууда. Алсак, жеке ишкерлер - 159, ЖК депутаттары - 11 даана, Саламаттыкты сактоо министрлиги - 53, “Жалалабатэлектро” ААКсы - 3 даана, республикалык бюджеттин эсебинен, - 15, тоо кен компаниясы - 7, “Мегаком” компаниясынын колдоосу менен үч кычкылтек концентратору алынды", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда облустун район-шаарларындагы ооруканаларга алынган кычкылтек концентраторлорунун саны:

-Аксы району - 90;

-Ала-Бука району - 35;

-Базар-Коргон району - 61;

-Ноокен району - 81;

-Сузак району - 85;

-Тогуз-Торо району - 27;

-Токтогул району 27;

-Чаткал району 28;

-Кара-Көл шаары 13;

-Майлуу-Суу шаары 15;

-Таш-Көмүр шаары - 24.

-Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык ооруканасында 100, ал эми шаарда ачылган күндүзгү стационарларда 10 даана кычкылтек концентратору иштөөдө.

Аймакта оорунун жайылуу коркунучун алдын алуу менен керектүү каражаттарды камсыздоо аракеттери тынымсыз улантылып жатат.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Жалал-Абад облусунда коронавирус илдетине жалпы 904 адам кабылды.

Пикир

Оставить комментарий