• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда 745 бала жайкы эс алуусун өткөрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Жалал-Абад облустук профсоюздар кеңеши тарабынан облус боюнча бүгүнкү күндө эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунан 3 млн 418 миң сом акча каражаты бөлүнүп, 745 бала 1-агымда балдар эс алдыруу борборлоруна жиберилди. Бул тууралуу КР президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чаткал районунун балдары "Чаткал-Жеткинчек" лагеринде, Аксы жана Ала-Бука районунун балдары "Сары-Челек" лагеринде, Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарлары жана Ноокен, Базар-Коргон районунун балдары "Зорька" лагеринде, Токтогул району жана Кара-Кол шаарынын балдары "Каинды" лагеринде, Сузак районунун балдары "Арууке" лагеринде эс алууда.

Буга чейин Жалал-Абад облусунда 2021-жылдагы жайкы эс алууга облустук профсоюздар кеңеши тарабынан 117 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары да жиберилген.

Аны менен бирге КР президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн балдардын жана ѳспүрүмдѳрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча облустук штабдын отурумунда, Баткен облусундагы чек ара коогалаңында жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдарын эс алуусун уюштуруу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү жагы тапшырылган.

Ага ылайык, ушул жылдын 19-июнунан тартып “Кыргызнефтегаз” ААКнын Арстанбаптагы “Зорька” балдар эс алуу жайында Баткендин Лейлек районуна караштуу Арка, Достук, Кайрагач, Бешкент, Тагап айылдарынын чек ара жаңжалында жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн 100 баласы эс алды. Керектелүүчү чыгымдарга “Кыргызнефтегаз” ААКы тарабынан 742 миң сом акча каражаты сарпталды. Облустук ички иштер башкармалыгына тиешелүү Арстанбап айылында жайгашкан “Келечек” балдар лагеринде 2021-жылдын 22-июнунан тарта ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин 80 баласына эс алуу уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий