Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда айт намазы жамаат менен окулбайт. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.
Белгилей кетсек, эртең, 31-июль – Курман айт майрамы. Бул күнү окулуучу айт намазы азыркы кырдаалдан улам Жалал-Абад облусунда жамаат менен окулбайт. Буга байланыштуу облустук милиция дин өкүлдөрү менен биргеликте жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Учурда жаралган абалды туура түшүнүү менен кабыл алып, бири-биринин үйүнө баруулардын санын чектеп, зарылчылык жаралбаса үйдөн чыкпоо керектиги эскертилүүдө.
Милиция кызматкерлери жугуштуу илдеттен алыс болууга, тиешелүү санитардык нормаларды сактоого чакырып жатышат.
Пикир
Оставить комментарий