• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда алты миңден ашык объект табигый кырсыктардан корголду

Аймак 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 2019-жылы 6027 үй жана объект табигый кырсыктардан корголду.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Абулнасир Закировдун маалыматына караганда, 2019-жылы жалпысынан 109 объектиде жумуш жүргүзүлгөн. Алардын 107синде тиешелүү жумуштар толугу менен бүткөрүлгөн.

"Натыйжада жалпысынан 6027 турак үй, 13 көп кабаттуу үй, 2 бала бакча, 1 ГСВ, 1160 га айыл чарба жери, 8452 метр ички чарбалык жол, 10 көпүрө, 100 метр темир жол корголду, 4172 кожолукка шарт түзүлдү”, — дейт Закиров.

Пикир

Оставить комментарий