• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берилет

Аймак 0

Бишкек, 08.08.22./Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова жана облустун район-шаарларындагы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчылары менен жолугушту.

Өкүлчулүктөн билдиргендей, жолугушууда КР президентинин жарлыгы менен бекитилген “Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө” долбоорун ишке ашыруу аракеттери талкууланды.

Программага Жалал-Абад облусунун ар бир район-шаарынан 50 үй-бүлөдөн тандалып алынып, ишкердик баштоо үчүн 100 миң сомдон бир жолку акчалай жардам берилет. Ал калктын аз камсыз болгон катмарын коомдук жумуштарга тартуу, эмгек потенциалы бар мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучулар менен социалдык контракт системасын киргизүү сыяктуу артыкчылыктуу милдеттерди ишке ашырууга багытталган.

Жолугушууда президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев муктаж үй-бүлөлөрдү жашоо шартын жакшыртуу үчүн бөлүнүүчү ар бир каражат калыс жана даректүү болуусу керектигин белгиледи. Ал үчүн министрлик менен бирге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү активдүү иш алып бараарын айтты.

Пикир

Оставить комментарий