• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө саан уйлар таратылды (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 29.06.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө уйлар берилди, - деп билдирет “Ас-Салам” коомдук кайрымдуулук фондунун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Нурмухамед Миңбаев жетектеген кайрымдуулук фондунун каржылоосу астында кечээ, 28-июнда колдоого муктаж болгон жакыр үй-бүлөлөргө 40ка жакын саан уйлар таратылды. Иш-чарага жергиликтүү бийлик жана аталган коомдук фонддун өкүлдөрү катышты.

“Былтыр Нарын облусуна 250 уй берилген, бул жылы Жалал-Абад облусуна берилип жатат. Саан уйлар атасынан эрте калган жаш балдар кенири сүт ичсе деген максат менен таратылууда. Өлкө боюнча мындай иш-чаралар дагы улантылат”, - деп билдиришти фонддун басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий