• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда Бирдиктүү алдын алуу күнү өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында милиция тарабынан Бирдиктүү алдын алуу күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын алкагында шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан курал-жарак сактоо эрежелери, чет элдик номердеги автоунаалар текшерилип, жашоочулардын даректери боюнча тактоо иштери жүргүзүлдү.

Мал жана мүлк уурулуктарынын, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын, балдар арасында топтошуп мушташуулардын жана сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу максатында калк арасында профилактикалык жумуштар алып барылды. Сууга түшүүгө кооптуу аймактарга эскертүү тактайчаларын орнотуу иштери колго алынды.

Милициянын көчмө кабылдамасы жарандарды жеринде кабыл алып, жергиликтүү тургундарга юридикалык кеңештер берилди. Мындан сырткары, ысырапкорчулукка бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

2022-жылдын 4 айында жүргүзүлгөн бирдиктүү алдын алуунун жыйынтыгында 24 кылмыштын бети ачылган. Ар түрдүү багытта 96 протокол толтурулуп, 95 миң 500 сомдук айыппулдар салынган.

Пикир

Оставить комментарий