• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда үч айлык ишембилик өтөт

Аймак 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу менен 2022-жылдын 1-мартынан 1-июнуна чейин бардык район-шаарларда айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун үч айлыгы жарыяланды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн ишембилике карата түзүлгөн облустук штабдын алгачкы жыйыны болуп, аткарылуучу иштер талкууланды. Ага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Үч айлыктын алкагында ар бир мекеме-ишкананын жетекчилери бөлүнгөн район-шаарларда иштин аткарылышын көзөмөлгө алат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да коюлган тапшырмалардын жүрүшүн камсыздайт.

Ишембиликтерде көчө, аллея, сейил бактарга дарак көчөттөрүн, гүл түрлөрүн тургузуу, бак-дарактарды бутоо, актап сырдоо, санитардык абалын жакшыртуу, арык-каналдарды тазалоо жана жээк бекемдөө иштери аткарылат. Мындан сырткары ири авто жол бойлорун абаттоо, көчөлөргө түнкү жарыктандыруу орнотуу, мекеме жана турак жайлардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу жумуштары күчөтүлөт.

Жыйында ар бир аймакта отургузулган өчөттөрдүн өсүүсү өзгөчө көзөмөлгө алынаары белгиленди.

Жалал-Абад облусунда үч айлыкты уюшкандыкта аткаруу максатында жер-жерлерде да атайын штабдар түзүлгөн. Бардык социалдык объектилер, тейлөө жайларынын менчигинин түрүнө карабай абаттоо иштерин колго алмакчы.

Пикир

Оставить комментарий