• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда үч күн аралыгында 14 мас айдоочу аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 04.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда үч күн аралыгында 14 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук ЖКККБ кызматкерлери тарабынан облустун аймагында 1-январдан 3-январга чейинки үч күн аралыгында жалпы 493 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды.

Анын ичинен 14 айдоочу автоунааларын мас абалында, 160 айдоочу катуу ылдамдыкта, 5 айдоочу алдыңкы терезелеринин караңгылатып алгандыгы, 14 айдоочу жанында тиешелүү документтери жок үчүн болсо жана башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 300 айдоочуга протоколдор түзүлгөн. Жалпы 30 автоунаа атайын айып короого коюлду.

Жалал-Абад облустук ЖККК бөлүмү жалпы жол кыймылынын катышуучуларына жолдо жүрүүдө, жол эрежелерин так сактап жүрүүнү эскертет.

Пикир

Оставить комментарий