• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда дагы бир заманбап оорукана курулду

Аймак 0

Бишкек, 18.01.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө заманбап оорукана курулуп, ишке берилди. Бул жерге дээрлик 7 миңге жакын адам келип дарыланып турат"-деп билдирет “Ас-Салам” коомдук кайрымдуулук фондунун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, оорукананы курууда көмөк көрсөткөн кайрымдуулук фондун жетекчиси Нурмухамед Миңбаевге жергиликтүү тургундар ыраазычылык билдиришти.

Имараттын ачылыш аземине "Ас-салам" коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Нурмухамед Миңбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Пикир

Оставить комментарий