• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда дээрлик 4 миң объектте дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү – санэпидкөзөмөл борбору

Аймак 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Бул күнгө чейин Жалал-Абад облусунда 3 миң 987 объектте дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Дүйшөналы Курбаналиев билдирди.

"Анын ичинен ашкана, соода түйүндөрү – 607, коомдук унаалар – 1 миң 595, 64 базар, 96 мечит, коомдук мекемелер – 1 миң 763. Бул иштерге 4 тоннадан ашык дезинфекциялоочу каражаттар кетти. Бул биздин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун иши", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 568ге жетет. Алардын ичинен 201 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 7 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий