• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда дезинфекциялоо иштери улантылууда

Аймак 0

Бишек, 06.07.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Жалал-Абад облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-июлда облуста 79 880 чарчы метр (6040погондук метр) унаа жолдорун залалсыздандыруу иш-чаралары жүргүзүлдү, ага 2 өрт өчүрүүчү автоунаа, 13 кызматкер тартылды. 25 кг хлор порошогу жана 46 даана хлор таблеткасы сарпталган.

Жалал-Абад шаарынын аймагындагы “Береке”, “Манас”, “Строй парк” базарларына заласыздандыруу иштерин жүргүзүүгө Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 өрт өчүрүүчү автоунаа, 4 куткаруучу тартылып, 22400 чарчы метр аянт залалсыздандырылды.

Ала-Бука районундагы Ала-Бука айыл аймагынын борбордук базарына жана негизги көчөлөрүнө заласыздандыруу иштерин жүргүзүүгө Ала-Бука району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 өрт өчүрүүчү автоунаа, 3 кызматкер тартылып, 42480 чарчы метр аянт залалсыздандырылды.

Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарынын “Ибрагим-Ата”, “Береке”, “Мадумар-Ата” жана борбордук базарына кол каражаттары менен залалсыздандыруу иштери жүргүзүлүп, 15000 чарчы метр аянт залалсыздандырылды.

Пикир

Оставить комментарий