• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад облусунда электр чубалгылары жаңыланууда

Аймак 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. “Жалалабатэлектро” ААК 35 кВ “Базар-Коргон – Арсланбап” аба чубалгысынын сыйымдуулугун жогорулатууда. Бул тууралуу КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Базар-Коргон – Арсланбап” аба чубалгысынын жалпы узундугу 42 чакырымды түзөт, учурда 9 чакырымы алмаштырылып жатат.

“Электр зымы 3 катарынан жайгашкандыктан, жалпы 27 чакырым зым болот. АС 70 сыйымдуулуктагы электр зымдары АС 95 сыйымдуулукка жогорулатылууда. Бир аптадан бери 3 бригада иштеп, бүгүнкү күнгө жумуштун 70 пайызын аяктап калышты”,-деп айтылат маалыматта.

"Жалалабатэлектро" ААКтан белгилегендей, электр чубалгыларын алмаштыруунун натыйжасында элди электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү артып, техникалык жоготуунун көлөмү кыскарат.

Эскерте кетсек, Базар-Коргон айылынын 4 айыл өкмөтүнө электр энергиясын жеткирген “Базар-Коргон – Арсланбап” аба чубалгысы 1967-жылы курулган.

Пикир

Оставить комментарий