• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад облусунда рейддин алкагында 16 кылмыштын бети ачылды

Аймак 0

Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. 26-27-январь күндөрү Жалал-Абад облусунун аймагында "Тоноочу" аталышындагы ыкчам иликтөө-издөө жана алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Рейддин алкагында 16 кылмыш ишинин бети ачылып, 2 жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын бири алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн болсо, экинчиси 1 каракчылык фактысы менен кармалган.

Ачылган кылмыш иштери:

- Алдамчылык – 1;

- Каракчылык – 1;

- Унааны укукка жат түрдө ээлеп алуу – 2;

- Тоноо – 3;

- Урдоо – 9.

Мындан сырткары, дайынсыз болуп жаткан жашы жете элек 1 өспүрүм милиция тарабынан табылып, ата-энесине өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий