• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу аракеттери күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу аракеттери күчөтүлөт. Бул багытта атайын жыйын өткөрүлүп, көйгөйлөр, келип чыгуу себептери жана натыйжалуу иш алып баруу маселелери талкуулангандыгын, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Ырысбек Ызабеков Сузак, Ала-Бука,Токтогул району жана Кара-Көл шаарларында, 2020-жылдын 11 көрсөткүчтөр жогорулагандыгын айтып, бул багытта тийиштүү иш жүргүзүү жагы солгундугун сынга алды.

Облустук прокуратуранын маалыматына ылайык, былтыркы жылга салыштырмалуу үй-бүлөлүк зордук-зомбулук 28 пайызга өскөн. Ага кабылгандардын басымдуу бөлүгү аялдар. Мындан сырткары жашы жете элек балдарга ырайымсыз мамиле жасоо 2 пайызга көбөйгөн. Маалыматтарга караганда, булардын көпчүлүгү эмгек мигранттарынын балдары.

Буга чейин облустук алкакта аткарууга алынуучу 22 пункттан турган зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча ыкчам иш-чаралар планы бекитилген. Жыйында кызматкерлер ар бир айылда кыдыруу жүргүзүп, алдын алуу иштерин күчөтүү милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий