• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматына ылайык, бүгүн, 10-майда саат 16:21де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Аксы районунун Бир-Булак, Ак-Тектир айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий