• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 02.12.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 1-декабрда болжол менен саат 9:32де Жалал-Абад облусунун аймагында катталган.

Жер титирөө Аксы районунун Райкөмөл, Кечүү айылдарында 3 балл, Ит-Сай, Кызыл-Бел, Ак-Жол айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий