• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 01.06.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды.

Сейсмология институнун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 1-июлда саат 09:21де катталып, очогунда күчү 4,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Аксы районунун Тегирмен-Сай, Итагар айылдарында 4,5 балл ал эми Жылган, Жол-Сай, Товар-Сай, Кызыл-Туу, Коргон, Авлетим, Кашка-Суу,Кызыл-Капчыгай айылдарында 4балл, Мундуз, Кой-Таш айылдарында жана Кербен шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнч, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий