• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 21.08.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Жалал-Абад облусунда 20-21-августка караган түнү болжол менен саат 1:51 чамасында күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн күчү очогунда 5 баллга жеткен.

Анын очогу Кыргызстандын аймагында катталып, Ор-Казган айылынан беш чакырым түштүк-чыгышта, Ак-Терек айылынан 10 чакырым түнтүк-чыгышта, Жалал-Абад шаарынан 45 чакырым түнтүк-чыгышта, ошондой эле Ош шаарынан 82 чакырым түндүк-чыгышта болгондугу маалымдалат.

Маалыматка ылайык, калк жайгашкан жерде жер титирөөнүн күчү 3-4,5 баллга чейин жеткен.

ӨКМ басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий