• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда күздүк айдап-себүү жумуштары 65 пайызга аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда күздүк айдап-себүү жумуштары 65 пайызга аткарылды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус аймагында жалпы 15 миң 706 гектар жер аянтка күздүк кылкандуу дан эгиндерин айдап-себүү пландалган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 3 миң 556 гектар жер аянтына көп. Анын 9 миң 978 гектарына буудай, калган бөлүгүнө арпа айдалат. Азыркы учурда жалпы 10 миң 214 гектарында жумуш жасалды.

Аймактардан күздүк айдап-себүү Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы жана Ала-Бука райондорунда басымдуу. Алардан Акысы районунда план толугу менен аткарылып, Ала-Бука району 73 пайызга аяктады.

Пикир

Оставить комментарий