• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда калкты электр энергиясы менен камсыздоонун абалы талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. 18-ноябрда КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Улуттук энергохолдингдин башчысы Таалайбек Байгазиев жана "Жалалабатэлектронун" жетекчиси Азамат Паизов менен жолугушту. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда облус аймагында күз-кыш мезгилинде жарандарды электр энергиясы менен камсыздоонун абалы, электр энергиясын колдонууда кубаттуулукка киргизилген чектөөлөр боюнча сөз болду.

Облус башчысы тармакта жаралып жаткан тартыштыктан улам, аны рационалдуу пайдалануу зарылдыгын белгиледи. Бул багытта облуста мектеп жана башка социалдык объектилерди альтернативдүү жылытуу тутумдарына кошуу иштери уланып жатканын белгиледи. Абалдан чыгуу багытында аймактарда жергиликтүү бийлик тарабынан мүмкүн болгон жардамдар көрсөтүлөөрүн кошумчалады.

Жолугушууда алдыдагы жылдары облус аймагында сууну натыйжалуу пайдалануу менен бир катар чакан ГЭСтерди куруу пландар бар экени белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий