• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда кар көчкүсү түшкөн

Аймак 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 2020-жылдын 18-мартында cаат 07:45 чамасында Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 6-чакырымында 100 куб метр жана саат 14:20 чамасында 4-9-чакырым аралыгында (Капчыгай тилкеси) 400 куб метр кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 2020-жылдын 18-мартында саат 21:40 чамасында Толук-Торкент унаа жолунун 67-чакырымында (Термечик тилкеси) 470 куб метр кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган.

Жабыркагандар жок. Жолдор толугу менен тазаланып ачылды.

Пикир

Оставить комментарий