• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда коронавирус жуктурган 18 адам бейтапканаларда дарыланууда – Мирзахмедов

Аймак 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда коронавирус жуктурган 18 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

"Ала-Букада 2 жаран, Майлуу-Суу шаарында – 2, Тогуз-Тородо – 3, Чаткалдан – 7, Сузак районунда 4 жаран бейтапканада жатат. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад, Кара-Көл шаары, Аксы райондорунда бейтаптардын баары айыгып чыгып, алардын жакындары гана дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда", - деди ал.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда коронавирус жуктурган учурлардын жалпы саны 123тү түзөт.

Пикир

Оставить комментарий