• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад, Кара-Көл шаардык, Базар-Коргон, Чаткал, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында жаш өспүрүмдөр жана ата-энелер менен жолугушту. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тартип сакчылары үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын, эрте никеге туруунун алдын алууда жалпы коомчулук биргелешип иштөө зарылдыгын айтышты. Кылмыш жасалган соң өкүнбөй, туура жолду тандоо ар бир адамдын атуулдук милдети катары кабыл алуу керектигин белгилешти. Диний экстремизмге бөгөт коюу, ысырапкерчиликтен арылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кызматкерлер профилактикалык иштерди алып барууга милициянын көчмө кабылдама унааларында барышып, жергиликтүү тургундарга юридикалык кеңештерин да беришти.

Мындан сырткары, Тогуз-Торо РИИБдин кызматкерлери тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте Атай, Көк-Ирим айыл аймагынын кээ бир тургундарына социалдык колдоо көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий