• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда милиция эл менен жолугушууда

Аймак 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Милиция тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар уюштурулуп жатат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу ШИИБинин участкалык инспекторлору шаар тургундарынын көйгөйлүү маселелерин жеринде угуп, жакындан көмөк көрсөтүшүүдө. Аларга терс көрүнүштөр орун алган учурда кандай аракеттерди көрүү керектиги жөнүндө маалыматтар жеткирилүүдө.

Мындай жолугушуу Токтогул РИИБинин кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Таласбай кичи районунда болуп өттү. Милиция кызматкерлери кылмыштуулуктун алдын алууда жергиликтүү тургундарды кайдыгер карабоого чакырышты. Ошондой эле милициянын көчмө кабылдама унаасы аркылуу жарандардын арыз-даттануулары жеринде кабыл алынууда.

Ал эми Тогуз-Торо РИИБинин участкалык инспекторлорунун, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин 2020-жылы аткарган жумуштары Кара-Суу айыл аймагынын талкуусуна коюлду. Элдик жыйынга аталган айыл аймактын башчысы жана жергиликтүү тургундар катышып, суроо-жооптор орун алды. Жалпылап алганда жашоочулар өткөн жылы милициянын аткарган жумуштарын алкоого алышып, аба ырайынын катаал шартында дагы талыкпастан кызмат өтөп жатышканын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий