• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад облусунда милиция эл менен жолугушууларды улантууда

Аймак 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад ОИИБдин жана шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилиги жергиликтүү тургундар менен жогушууларды улантууда.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, эл менен болгон жолугушуу учурунда милициянын аткарган жумуштары талкууга коюлуп, жарандар менен жеринде маектешүүлөр орун алууда. Элдик жыйындар ушу күндөрү Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда өткөрүлдү.

Базар-Коргон районунда болгон жолугушууга Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин орун басары Алмаз Кудайбердиев, Базар-Коргон районунун акиминин биринчи орун басары Эрмекбай Омошев, Базар-Коргон РИИБдин начальниги Медербек Муратов, айыл өкмөт башчылары, имамдар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Алгач Алмаз Кудайбердиев жыйындын катышуучуларына облустук милиция тарабынан аткарылып жаткан иштер, ички иштер органдарында жүргүзүлүп жаткан реформа боюнча толук маалымат берип өттү. Ошондой эле 2021-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирген кодекстер, президент тарабынан кабыл алынган жаңы жарлыктар боюнча түшүндүрмө берди.

Ал эми Медербек Муратов жарандардын көйгөйлөрүн жеринде чечүүдө милициянын көчмө кабылдама унаасынын ролу, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, мал уурулуктарга бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, жол кырсыктарын болтурбоо боюнча иш аракеттер туурасында баяндама жасады. Ошондой эле жергиликтүү тургундарды кылмыштуулуктун алдын алууда милиция менен тыгыз кызматташууга чакырды.

Жыйындын катышуучулары тарабынан жол боюнда жайгашкан мектептердин жанына жол чырактарды орнотуу, унаа жолдорунда өчүп калган чиймелерди жаңыдан чийүү, караңгы көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча маселелер көтөрүлдү. Ар бир коюлган маселелерди чечүү боюнча протоколдук негизде тийиштүү кызматтарга жергиликтүү бийлик тарабынан тапшырмалар берилди.

Ал эми Ноокен районунда болгон эл менен жолугушууга Жалал-Абад ОИИБдин кадрлар бөлүмүнүн начальниги Төлөнбай Бекенов, Ноокен РИИБдин начальниги Алтынбек Мусаев катышты. Жыйында милициянын 11 ай ичинде аткарган жумуштары талкууга коюлуп, суроо-жооптор орун алды.

Жалпысынан алганда Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда болуп өткөн элдик жыйындарда милициянын ишине канааттандыраарлык баа берилди.

Пикир

Оставить комментарий