• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда милиция кызматкерлери 80 кг жакын баңги затын табышты

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.09.17. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы кылмыш ишин иликтөө учурунда милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн биринен 5 кап баңги затын таап чыгышкан.

ИИМдин басма сөз кызматынын берген маалыматы боюнча, шектүү жүргөн үйдү тинтүү учурунда жалпысынан 82 кг болгон баңги заты табылган.

Дагы бир баңги затын мыйзамсыз сактаган факт Майлуу-Сууда катталган. Милиция кызматкерлерине ыкчам-маалымат түшүп, анда 49 жаштагы жаран баңги затын мыйзамсыз сактай тургандыгы айтылган.

Териштирүү учурунда шектүү колго түшүп, жанында салмагы 600 грамм болгон баңги заты табылган.

Учурда аталган фактылар боюнча териштирүү амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий