• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда милиция кызматкерлери арасында коронавирус жуктургандар жок – комендант

Аймак 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда милиция кызматкерлери арасында коронавирус жуктургандар жок. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

"Милиция кызматкерлер арасында бул илдетке чалдыккандар катталган жок. бул маселе күнүгө штабдын отурумунда каралып, жетекчилерге санитардык нормалар сакталышы керектиги эскертилет. Ар бир кызматкерге кол кап, беткап, антисептикалык каражаттар берилип жатат", - деди ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-апрелге карата коронавирус жуктурган 12 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 228ге жетет. Алардын ичинен 23 адам коронавирустан айыккан. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий