• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда милиция профилактикалык иштерди улантууда

Аймак 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында кылмыштуулуктун жана ар түрдүү кырсыктардын алдын алуу максатында милиция тарабынан тынымсыз профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп келүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокен райондук милициясынын кызматкерлери жергиликтүү тиешелүү адистер менен биргеликте тегерек стол өткөрүштү.

"Кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөнүн коомдогу ролу” аталышындагы иш-чарага ата-энелер чакыртылып, видеороликтер көрсөтүлдү. Катышуучулар менен маектешүүлөр орун алып, жаш өспүрүмдөргө байланыштуу кылмыштуулук талкууга алынды. Соңунда активдүү катышкан окуучуларга белектер тапшырылды.

Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка бөгөт коюу иштери Жалал-Абад ШИИБи тарабынан да жүргүзүлүп келет. Милиция кызматкерлери түнкү убакыттарда себепсиз көчөгө чыккан жаштарды ар дайым көзөмөлгө алышууда.

Ал эми Таш-Көмүр ШИИБи тарабынан мал жандыктарына байланыштуу жол кырсыктарын болтурбоо максатында Кызыл-Алма, Теңдик жана Кудук-Сай айылдарынын жашоочулары менен жолугушуулар өткөрүлдү. Аталган айылдар Бишкек-Ош автожолунда жайгашкандыктан, күз мезгилинде мал жандыктарынын трассага чыгып кетүү кооптуулугу бар.

Буга байланыштуу жергиликтүү тургундарга түнкү убакыттарда малдарын талаага калтырбоо жана күндүзү ар дайым кайтаруу зарылдуу эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий