• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда милиция тарабынан профилактикалык иштер уланууда

Аймак 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда милиция тарабынан профилактикалык иштер уланууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон РИИБи тарабынан “Бирдиктүү алдын алуу күнү” өткөрүлдү. Анын алкагында район аймагындагы 1 базар, 17 дүкөн, 1 мейманкана, 50 автоунаа, 400 адамды камтыган 120 кожолук, 43 каттоодо турган мергенчиликти сүйүүчүлор текшерилди. Кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында уюштурулган иш-чара учурунда тиешелүү талаптарды аткарбагандыгы үчүн 24 жаранга карата протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды. Терс көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн түнкү жарыктандырууларды жана видеокамераларды коюу зарылдыгы эскертилди.

Ал эми Ноокен РИИБдин жана райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери “Кылмыштуулук деп эмнени түшүнөм?” аталышындагы тегерек столдорду уюштуруп жатышат. Иш-чара район аймагындагы мектептерде 1 апта бою белгиленген графиктин алкагында уюштурулат. Тегерек столдо өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан алыс болууга үндөгөн роликтер көрсөтүлүүдө. Мындан сырткары Ноокен районунун Шайдан айыл аймагында милициянын өткөн жылы аткарган жумуштары жергиликтүү тургундардын талкуусуна коюлду.

Элдик жыйындар Кара-Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 мектеп гимназиясында да болуп өттү. Милициянын участкалык инспекторлору, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин аткарган жумуштары баяндалып, кылмыштуулуктун жана мектеп рекетчилигинин алдын алуу, диний экстремизм, жол кырсыктарын азайтуу тууралуу талкуу жүрдү.

Ал эми Тогуз-Торо РИИБдин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы менен Сары-Булуң айыл аймагын кыдырышты. Алар айыл элинин арыз-даттанууларын кабыл алышып, көйгөйлүү маселелерин жеринде чечүү максатында иштеп жатышат. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий