• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда милициянын көчмө кабылдама унаасы жарандарды жеринен кабыл алууну улантууда

Аймак 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында милициянын көчмө кабылдама унаасы жарандарды жеринен кабыл алууну улантууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Атап айтсак, Тогуз-Торо РИИБдин кызматкерлери бул унаа менен Атай айыл аймагына барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Алар жаш балдарды суук күндөрү көчөгө себепсиз чыгарбоого, түрдүү кырсыктардан алыс болууга чакырышты. Ошондой эле мал уурулуктарынан сак болуу керектигин эскертишти.

Бул сыяктуу профилактикалык жумуштар Аксы РИИБдин кызматкерлери тарабынан да жүргүзүлдү. Тартип сакчылары жарандар менен жеринен жолугушуп, алардын суроолоруна жооптор жана бир катар кеңештер берилди.

Мындан сырткары, Аксы РИИБдин демилгеси жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу менен Кербен шаарына 2 камера коюлду.

Белгилей кетсек, өткөн жыл ичинде Тогуз-Торо РИИБдин милициянын көчмө кабылдама унаасы 65 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 92 жаранды кабыл алган. Ал эми Аксы РИИБдин милициянын көчмө кабылдама унаасы 44 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 55 кайрылуу кабыл алып, анын ичинен 6 факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Пикир

Оставить комментарий