• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда натыйжалуу коммуникация боюнча жаштар үчүн окутуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 23.10.20. /Кабар/. 19-20-октябрь күндөрү Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарында (Жалал-Абад облусу) «Көп түрдүүлүктү башкаруу жана натыйжалуу коммуникация» боюнча окутуу болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Тренингдин максаты «жаш тынчтык куруучу» активисттердин мектеп окуучуларынын арасындагы пикир келишпестиктерин алдын алууда дараметин, көп турдүүлүктү башкаруу маселелери менен кабардарын жогорулатууга багытталган.

Окутууга Көк-Жаңгак шаарынын үч орто мектебинин окуучулары катышты. Мындан ары катышуучулар «Тынчтык куруу ийримдеринин» методикасын апробациядан өткөрүп, такай жолугушуулардын негизинде жаштардын көйгөйлөрүн тез жана ыкчам чечүүгө шарт түзүлүшү күтүлүүдө.

Окутууну Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жаштар иштери боюнча координациялоо жана өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн начальниги Мураталы Учкемпиров алып барды.

Белгилей кетсек, окутуу «Тынчтык жана өнүктүрүү институту» коомдук фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Жаштар кеңештери жана уюмдары ассоциациясы менен биргеликте, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин көмөгү менен ишке ашырылып жаткан «Жаш тынчтык куруучулар» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Иш-чараны уюштурууда бардык санитардык ченемдер сакталды.

Пикир

Оставить комментарий