• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда окуучулардын коопсуздугун милиция көзөмөлдөөдө

Аймак 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-сентябрда мектеп окуучуларынын коопсуздугу Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан көзөмөлгө алынууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери окуучуларды кабыл алып жаткан мектептерде иш алып барышууда. Алар автоунаа көп жердеги жол чийиндерден окуучулардын өтүүсүн жана коомдук тартипти көзөмөлгө алышууда.

Ошондой эле айдоочуларга автоунаасын мектептердин жанында акырын айдоо керектиги түшүндүрүлүп, жол эрежелерин так сактоо зарылдыгы эскертилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий