• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда пенсия, жөлөкпулдар боюнча маселе жаралбайт – Мирзахмедов

Аймак 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда пенсия, жөлөкпулдар боюнча маселе жаралбайт. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

Түз эфирде Мирзахмедовго "каражаттын тартыштыгынан улам кийинки айларда пенсиялар берилбейт деп айтылууда, бул маалымат канчалык туура?" деген суроо узатылды.

"Бүгүнкү күндө бюджетте эч кандай тартыштык жок. Азыр пенсия, жөлөкпулдар берилип жатат. Анда кийин да эч кандай мүчүлүштүк болбойт. Социалдык фонддун төрагасы, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри менен сүйлөштүк. Андай коркунучтар жок", - деп ал, Жалал-Абад облусу боюнча пенсия, жөлөкпулдар толук кандуу берилерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий