• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда президенттик шайлоого карата даярдыктар талкууланды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда өтө турган президенттик шайлоого карата даярдыктар боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жыйынга вице-премьер-министр Максат Мамытканов, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана облус башчысы Абсаттар Сыргабаев катышкан.

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов, шайлоого карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо тилкелериндеги материалдык-техникалык базаны чыңдоого, жылуулук менен камсыздоо маселелерине көңүл бурушу керектигин эскерткен. Ага кошумча шайлоо комиссияларынын коопсуздугун камсыздап, добуш сатып алуулардын алдын алуу керектигин белгилеген. Мамытканов октябрь айындагы шайлоодон кийинки нааразычылыктар добуш сатып алуулар жана башка мыйзам бузуулардан улам жаралганын айтып, жергиликтүү бийлик органдарын шайлоонун ачык-айкын өтүшүнө шарт түзүүгө чакырган.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, Жалал-Абад облусунда өткөн парламенттик шайлоого салыштырмалуу шайлоочулардын саны 24 миңге көбөйдү. Ал облус боюнча шайлоочулардын тизмесинде 15 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар экенин айтып, алар шайлоо тилкелерине келип добуш берүүсү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү керектигин белгилеген.

Шайлдабекова №2 форма жоюлгандыктан жарандар шайлоо даректерин өзгөрө албай тургандыгын белгилеп, ар бир жаран шайлоо даректерин алдын ала тактап алуусу керектигин эскерткен.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 667 миң 424 шайлоочу катталган.

Пикир

Оставить комментарий